Ташиевдин иши сотко өттү. Аны менен кошо айыпталган жети адам ким?

ваип

Сүрөттүн булагы, collage

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев кылмышты уюштурууга айыпталууда
    • Author, Айдай Аманкулова
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы
  • Published
  • Окуу убактысы: 4 мүнөт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев менен кошо кайсы саясатчылардын иши сотко өткөнү белгилүү болду.

Адвокат Акынбек Ногоев Би-Би-Сиге билдиргендей, алар – Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы депутат жана мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев, экс-депутат жана мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков жана экс-депутат, мурдагы вице-премьер министр Аалы Карашев.

Эмилбек Узакбаевдин адвокатты Акынбек Ногоевдин билдиришинче, атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна, мурдагы депутат жана мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин ("Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү) 2-бөлүгү, башкача айтканда кылмыш жасоону уюштурган, калгандары ушул эле берененин 4-бөлүгү, тактап айтканда кылмыш жасоого көмөк көрсөткөн адамдар катары аныкталды.

"Айыптоо актысы башкы прокурордун орун басары Малик Бектурганов тарабынан 12-майда бекитилди. Иш материалдары "жашыруун" деген гриф менен сотко өттү. Сот отуруму качан башталары жана ишти кайсы судьялар карай турганы азырынча айтыла элек. Сегизи тең эки берене боюнча, бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү жана кызмат абалынан кыянат пайдаланууга айыпталууда. Негизи иш бат эле тергелди. Адвокаттардын өтүнүчтөрү канааттандырылган жок. Биз камактагылардын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү жана экспертиза учурунда келтирилген мүчүлүштүктөрдү жөнгө салууну өтүнгөнбүз. Соттук-лингвистикалык эки экспертиза дайындалган, бири жалпы, бири кошумча. Бирок жактоочу тарап кортунду менен макул эмес. Себеби эки экспертиза дайындалып, бирок бир гана кортунду чыкты. Ар бирине өз-өзүнчө кортунду чыгышы керек эле. Дагы бир орчундуу маселе бар. Жактоочулар материалдардын кайсынысы купуя, кайсынысы ачык экенин аныктап берүү өтүнүчүн келтирген. Конституциялык соттун чечими боюнча, кайсы материалдар купуя же купуя эмес экени так айтылышы керек. Ошол чийин аныкталган эмес. Иш эмне себептен купуя болуп калганы жана кайсы материалдар сыр экенин аныктап бергиле деген өтүнүч каралган жок", - деди Акынбек Ногоев.

пиап

Сүрөттүн булагы, collage

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул саясатчыларга кылмыш ишин козгоого "75чилердин каты" деген кайрылуу себеп болгону айтылып жатат

Акынбек Ногоев жактоочулар тагылган айып менен макул эместигин, алар 75 кишинин кайрылуусу делген каттын негизинде гана күнөөлөнүп жатканын кошумчалады. Ал бийликти төңкөрүү аракети эмес, ага жакын да иш болбогон эмес деп эсептейт.

Бул иш боюнча айыпталып жаткан дагы бир саясатчы Курсан Асановдун жактоочусу Чынара Жакупбекова бул ишке жашыруун деген гриф коюлганы туура эмес деп эсептейт.

"Биз негизи эч нерсе айта албайбыз. Жашыруун деген мөөр басып койбодубу. Чындыгында мыйзамсыз түрдө жашыруун деген гриф коюп койду. Ал каттын эмнеси жашыруун?! Элдин баары окубадыбы. Курсан Асанов президентке жардам берели деген катка эле кол коюп койгону үчүн эле айыпталып жатат да", - деди адвокат.

Атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге карата козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлгөнүн, 12-май күнү кечинде саясатчынын жактоочусу Икрамидин Айткулов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кабарлаган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ал Ташиев менен кошо жети адам айыпталып жатканын да билдирген.

"Бүгүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Камчыбек Кыдыршаевич Ташиевге карата бийликти күч менен басып алууга даярдануу жана жооптуу кызматтык абалынан кыянат пайдалануу беренелери боюнча козголгон кылмыш иши боюнча айыптоо актысын бекитти. Кылмыш иши кароо үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна өткөрүлдү. Кылмыш иши жашыруун деп табылган. Бул бардык соттук отурумдар жабык өтөрүн жана тергөөнүн жана соттун маалыматтарын эч ким жарыялоого укугу жок экенин билдирет", - деген адвокат.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Би-Би-Сиге тергөө материалдары сотко келип түшкөнүн тастыктап, бирок "жашыруун" деген мөөр басылгандыктан маалымат берилбей турганын билдирди.

Укук коргоочу жана юрист Нурбек Токтакунов кылмыш ишинин жашыруун каралышын мындайча баалады:

"Ташиевдин кылмыш ишин жашыруун тартипте кароо бийликке да, Ташиевдин өзүнө да пайдалуу. Мындай жол менен алардын өз ара сүйлөшүп, компромисстүү соттук чечимге келиши оңой болот. Ал эми коомчулуктун бийликке жана Ташиевге карата берген көптөгөн суроолору жоопсуз калат".

Камчыбек Ташиев Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси ("Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузуу менен бийликти күч менен басып алуу же күч менен кармап туруу, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө багытталган аракеттер") жана 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча айыпталып жатат.

Камчыбек Ташиев өзүнө кылмыш иши козголгонун 29-апрелде ырастап, сотто акталарына ишенерин билдирген.

"Бул кылмыш иши боюнча менин юридикалык жактан толук коргонууга мүмкүнчүлүгүм бар жана АЛЛАХым буюрса, менин эч бир күнөөм жок, акталып чыгам. Кимдин күнөөсү болсо, ал жазасын тартат, ал эми таза болсо акталат. Себеби мамлекетибизде акыйкат сот системасын түзүүгө мамлекет башчыбыздын аракеттери көрүлгөн", - деп билдирген Ташиев.

Апрель айынын соңунда Ташиев менен кошо мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы депутат Курманкул Зулушев Ички иштер министрлигине суракка чакырылганы кабарланган. Сурак тууралуу убагында ИИМ маалымат берген эмес.

Апрелдин соңунда Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышын "мамлекеттик төңкөрүш даярдоо" аракети менен байланыштырган.

Депутаттын айтымында, президентти кызматтан кетирүү максатында төңкөрүш даярдалып жатканы тууралуу парламенттеги 90 депутаттын кабары болгон. Бул тууралуу пикирин ал казакстандык блогерге берген маегинде айткан: "Мамлекеттик төңкөрүш даярдап жатышкан, президентти кызматтан алабыз деп".

27-апрелде президент Садыр Жапаров "Кактус.Медиага" курган маегинде Жогорку Кеңештеги саясий интригаларга, "75чилердин катына" Камчыбек Ташиевдин тиешеси-бар жогун сот аныктай турганын айткан.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.

Ташиевди кызматтан алардын алдында, 9-февралда коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, жалпы 75 киши президент Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун атына кайрылуу жолдошкон. Анда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү сунушу айтылган.

Алар президент 2021-жылы мурдагы Конституция боюнча шайланганы, ал эми өлкө учурда жаңы Башмыйзам менен иштеп жаткандыгы коомдо ар кандай укуктук талаштарды жаратып жатканын белгилешкен. Ушул жагдайларды эске алуу менен авторлор тез арада президенттик шайлоо өткөрүүнү сунушташкан.

ИИМ 9-февралда интернетте тараган мындай маалыматтарга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, беш киши кармалган.

Милиция булардын "иш аракеттери коомдогу саясий чыңалууга, коомдук ажырымга алып келмек" жана "өлкөдөгү туруктуулукту солгундатып, жалпы команданын ички биримдигине терс таасир тийгизүүгө багытталган" деп билдирген.

Ал эми кармалгандардын жакындары жана адвокаттары айыптоолорду четке каккан.