BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет
Башкы кабарлар
"Орион" Тынч океанга конду. "Артемис II" тарыхый миссиясы ийгиликтүү аяктады
"Орион" космостук кемеси бортундагы төрт астронавт менен Тынч океандын Калифорния жээгине конду. "Артемис II" экспедициясы соңку жарым кылымдан ашык убакыттан бери адамдын Айга биринчи жолу учушу, ал ийгиликтүү аяктады.
Исламабаддагы сүйлөшүүлөр: Жей Ди Вэнс жөнөп кетти, бирок Ирандын катышуусу белгисиз бойдон калууда
11-апрелде, ишемби күнү, Исламабадда Ирандагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр өтүшү керек. Бирок алардын башталышына бир сутка калганда АКШ тарабынан жарыяланган элдешүү келишими формалдуулук катары сезилүүдө: жума күнүнө караган түнү Израил Ливанга сокку урууну улантты, ал эми Дональд Трамп Иранды Ормуз кысыгынын иш жүзүндө блоктолуп калышынан улам убактылуу ок атууну токтотуу шарттарын бузду деп айыптады.
"Конвой менен келди". Талапкерликтен баш тарткан Жунусалиев үй камагына чыкты
Көк бөрү федерациясынын мурдагы башчысы, 2025-жылы парламенттик шайлоодо №19 округдан талапкер болгон Рамис Жунусалиев үй камагына чыкты. Бул тууралуу анын жакындары жуманын кечинде Би-Би-Сиге билдиришти.
Апасы менен алтынчы кабаттан кулап түшкөн төрт жаштагы кыз комадан чыкты
Апасы менен алтынчы кабаттан кулап түшкөн төрт жаштагы кыз комадан чыкты . Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мунай менен газдын доору бүтүп баратабы? Трамптын Иран менен согушу жалпы планетада электрлештирүү процессин тездетти
Дональд Трамп электромобилдерди жактырбайт жана жел тегирмендерди жек көрөт. Ал АКШда жашыл энергетикага тыюу салууга аракет кылып, америкалык мунайчыларды туш тараптан колдоп келет. Анткен менен, дал ушул Трамптын иш-аракетинин натыйжасында жашыл келечек дүйнө жүзү боюнча мунай менен газдын үстүнөн акыркы жеңишке жетчүдөй болуп турат.
Күндүн видеосу
Би-Би-Синин WhatsApp каналына катталыңыз
Биздин каналдан дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы күндүн башкы жаңылыктарын жана Би-Би-Синин эксклюзивдүү баяндарын биринчилерден болуп окуңуз
Редактордун тандоосу
Президент Садыр Жапаров: "Ош шаарында 10 мектептин пайдубалы түптөлөт"
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Турукташтыруу фондунун эсебинен 10 орто мектептин курулушун баштоо аземине катышты.
Эдуард Кубатов Туризмди өнүктүрүү боюнча мамагенттиктин директору болуп дайындалды
Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Эудард Кубатов Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды.
Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанда экономика 2026-жылы 8,9% түзөрүн болжоп жатат
Азия өнүктүрүү банкынын апрелдеги "Азиянын өнүүгүүсүнө сереп" баяндамасында кийинки жылы өлкө экономикасы 8,9% өсүшү мүмкүн экени айтылат.
"Шайыр бала эле". 110 сом үчүн асынып алганы айтылган Эрболдун аянычтуу өлүмү
Нарын районунун Ийри-Суу айылында 7-класстын окуучусунун өлүмү тергелүүдө. Нарын облустук ички иштер башкармалыгы "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Мурдараак 14 жаштагы Эрбол Абиров мектепте 110 сом уурдоого айыпталгандан кийин өз жанын кыйганы айтылган. Жакындары бул жалган жалаа экенин, окуучу намыстанып асынып алганын айтышып, ишти акыйкат иликтөөнү сурашууда.
Дарыгер: октон башына жаракат алган жоокердин абалы оор
"Эркештам" көзөмөл-өткөрүү пунктунда кызмат өтөп жатып, башынан октон жаракат алган 22 жаштагы жоокердин абалы тууралуу Алай райондук жалпы дарыгердик практика борборунун директору Дайыр Адыров Би-Би-Сиге маалымат берди.
Эдил Байсалов Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды
Эдил Байсалов Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгону тууралуу маалымат президенттин сайтына жарыяланды.
Иран: Израилдин Ливанга жасаган чабуулдары АКШ менен Ирандын ортосундагы келишимди бузууда
"АКШ согушту каалайбы же тынчтыктыбы, тандашы керек. Израилдин Иран менен өнөктөш Ливанга жасаган чабуулдары ок атышууну токтотууну бузуу болуп саналат",- деп билдирди Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Саид Хатибзаде Би-Би-Сиге берген 15 мүнөттүк эксклюзивдүү маегинде.
Трамп Ирандын сунушун кабыл алып, бомбалоону токтотту. Тегеран Ормуз кысыгын ачууга макул болду
АКШ президенти Дональд Трамп Тегеран Ормуз кысыгын ачса, Иранды бомбалоону эки жумага токтотууга макул болгонун жарыялады. Иран өз кезегинде ок атышууну токтотууга макул экенин ырастады, бирок бир катар шарттарды койду. Израил ок атышууну колдоду, бирок анын Ливанга тиешеси жок экенин билдирди.
ИИМ жетекчилиги алтынчы кабаттан кулап каза болгон келиндин жакындары менен жолукту
Ички иштер министрлигинин жетекчилиги алтынчы кабаттан кулап каза болгон аялдын ата-энеси менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
75 кишинин кайрылуусу: алты киши 10-июнга чейин камакта калды
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ИИМдин Тергөө кызматынын өтүнүчүн канааттандырып, 75 кишинин кайрылуусу боюнча камалган алты кишинин камактагы мөөнөтүн узартты.
Трамп НАТОну сындады, альянстын башчысы жолугушуу "абдан ачык" болгонун айтты
Дональд Трамп Ак үйдө НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте менен жеке жолугушуудан кийин Иран менен болгон согушта АКШны колдобогону үчүн НАТОну кайрадан катуу сынга алды.
Сириядагы согушка катышууга шектелген жаран кармалды
Ошто Сириядагы согушка катышууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кзыматы билдирди.
Би-Би-Си ТВ жаңылыктары
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.















































